Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Бишкек—Ош жолунда кайрадан кырсык: бүгүн 6 өмүр кыйылды

Коом
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
23
Бишкек—Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыктан 4 адам каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 9-ноябрда саат 11:00 чамасында Токтогулдагы Кара-Жыгач айылынын аймагында катталган.
«Мерседес-Бенц» жана «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кагышуусунан каза болгондор:
- 1983-жылы туулган Б.Нурислам;
- 1992-жылы туулган Т.Кыркбай;
- 1992-жылы туулган Б.Урмат;
- 1988 -жылы туулган А.Нурис (жеңил унаанын айдоочусу).
Көз жумгандар Кара-Жыгач айылынын тургундары экени аныкталды. Ал эми, 1983-жылы туулган М.М. ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Биринчи кырсык:
Turmush басылмасы бүгүн таң эрте Токтогул районунун аймагында 2 адамдын өмүрү кыйылганын маалымдаган. Алардан башка 2 жабырлануучу ооруканага жеткирилген болчу. Болжолдуу маалыматтар боюнча, саат 06:00 чамасында «Тойота Ипсум» унаасы башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен.
Каза болгон адамдар Тажикстандын жарандары — 1973-жылы туулган К.М. жана 1964-жылы туулган М.Ф. Ал эми, жабырлануучулар — 1987-жылы туулган Т.А. Токтогул районунун тургуну болсо, 1965-жылы туулган Ч.Т. Тажикстандын жараны.
Учурда жол кырсыкка байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: Турмуш


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу