Курс НБ на 20.10.2020 $81,2050 €95,6676

Бишкекке Маммографиялык көчмө борборду ишке киргизүү үчүн заманбап маммограф аппараты алып келинди

Коом
25 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
70
Бул тууралуу долбоордун демилгечилери билдиришти. Маалыматка караганда аппаратты  Кыргызстанга алып келип, ишке киргизүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Түркия кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин жана "Эргэнэ" коомдук фондунун ортосунда үч тараптуу макулдашууга кол коюлган.
Долбоордун максаты — онкологиялык оорулардын арасында алдыңкы орунда турган сүт безинин жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагында аялдарды текшерүү.
"Көчүп жүрүүчү диагностикалык клиника кезек-кезеги менен облустардагы айылдарды аралап, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна токтойт. Ошол маалда айылдардагы аялдардын ден соолугуна жогорку технологиялык диагностика жүргүзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Аппарат медиктерге келээрки аптада  тапшырылат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу