Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Бишкекке 2 500 чырак орнотуу пландалган

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
348
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.  "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Бишкектин көчөлөрүнө заманбап чырактарды орнотуп, ушул күнгө чейин 1600дөн ашуун чырак орнотууга жетишти,-делет маалыматта. Чырактар орнотулчу көчөлөр: 
 Жибек-Жолу проспектиси, Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (308 даана); Чүй проспектиси, Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (274 даана); Токомбаев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин (340 даана); Горький көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектисинен Ауэзов көчөсүнө чейин (226 даана); Медеров көчөсү (99 даана); Эркиндик проспектиси, Жибек Жолу проспектисинен Линейная көчөсүнө чейин (84 даана); Дэн Сяопин проспектиси, Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (222 даана); Гагарин көчөсү, Айтматов проспектисинен Ак-Бата көчөсүнө чейин (163 даана). Ошондой эле Абдрахманов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Балыктар" фонтанына жарык берүү иштери жүрүүдө. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.