Курс НБ на 23.05.2019 $69,8492 €77,8085

Бишкек-Кара-Балта поезди убактылуу токтотулат

Коом
15 - Март 2019
www.erkintoo.kg
116

Жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек – Кара-Балта поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Мындай маалыматты  "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады. Маалыматка караганда, "Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 23-мартта жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 Бишкек - Кара-Балта поезди убактылуу токтотулат. 24-марттан тартып поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу