Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

«Бишкек-1» темир жол станциясында 27 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды

Коом
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
338
ИИМдин Транспорт боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 20-январда аталган түзүм тарабынан «Бишкек-1» темир жол станциясында оперативдүү иликтөө иш-чаралары жүргөн.  Анын негизинде чөнтөгүнө марихуана жыттанган каражатты алып жүргөн 27 жаштагы жигит кармалган. Баңгизаттын салмагы 355 граммды түзгөн. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин негизинде («Баңгизат каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, жасоо, сактоо, сатуу») кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.