
Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

Бишкек шаарынын кайсы конуштары жана көчөлөрүндө аба зыяндуу?
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы конуштардын жана көчөлөрүндөгү абанын зыяндуулугун дрон жана атайын аба өлчөөчү аппарат менен текшерди. Жыйынтыгында Лущихин — Клинская көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 3 эсеге чейин жогору. Ал эми кирдин көрсөткүчү 2,5 эсеге көп. Месароша — Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,5 эсеге көп, кирдин көрсөткүчү 1,6 эсеге жогору. Москва — Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,3 эсеге көп, кирдин көрсөткүчү 1,5 эсеге жогору. Бакаев — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,7 эсеге көп, кирдин көрсөткүчү 1,6 эсеге жогору экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек