Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Бишкек Дүйшөмбүгө каттаган учак аргасыздан жерге конду

Коом
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
611
Бишкектен Дүйшөмбү шаарына багыт алган учак 7-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан артка кайтып, “Манас” эл аралык аэропортуна конууга мажбур болду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова “Азаттык” радиосуна билдирген.  Маалыматка караганда, авариялык түрдө конгон учак “Тажик-Эйр” компаниясына таандык. Аталган компания учактын абалы жана чукул конууга эмне себептиги тууралуу маалымат бере элек. Лайнер аба майдандан Сокулук районуна чейинки багытта бир нече жолу айланып учканы кабарланууда. Жүргүнчүлөрдү 5 сааттан кийин Тажикстанга башка учак алып кеткен.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.