
Курс НБ на 16.01.2021 $84,4817 €102,4848

Бир суткада коронавирус менен 37 адам жаңы катталды
Бул тууралуу 5-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал эми коронавирус жуккан эки аял кайтыш болду. Каза болгондордун бири Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан 82 жаштагы бейтап. Экинчи бейтап - 33 жаштагы келин Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатып каза болду. Дарт жуккандардын эң көбү Бишкекте - 14 адам. Чүй облусунда жети, Нарын облусунда алты, Ош облусунда беш, Ысык-Көл облусунда үч, Баткен облусунда жана Ош шаарында бирден адам. Сутка ичинде 48 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек