Курс НБ на 23.08.2019 $69,7961 €77,4597

​Бир ишканада 200 кыргызстандык иштейт

Коом
16 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
39
Россия аймагындагы "Чистая линия" ишканасынын  балмуздак чыгарган бөлүмүндө 200дөн ашуун  кыргызстандыктар ийгиликтүү эмгектенишет.  Эске салсак, жакында Кыргызстандын РФдагы элчилиги кыргызстандык жарандар эмгектенип жаткан ишканага  жаш балдарга тааныштыруу экскурсиясын уюштурушту. Экскурсия убагында элчи Аликбек Жекшенкулов аталган компаниянын жетекчилиги жана ал ишканада эмгектенип жатышкан кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушуп, жашоо шарттары, ишмердүүлүктөрү тууралуу  баарлашты.  Алар өз жумуштары, айлык акылар, жашоо шарттары тууралуу жакшы пикирлерин билдиришти. Өз кезегинде "Чистая линия" ЖЧКнын жетекчилиги кыргыз жарандарынын эмгек ишмердүүлүгүндөгү жоопкерчиликтүүлүгүн, эмгектеги тактыгын баса белгилеген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу