Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

​Билим берүү министрлиги ата-энелерди балдар менен бирге конкурска чакырат

Коом
11 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
128
Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерди балдары менен бирге "Дени сак оюндар" сынагына катышууга чакырат. Бул туурасында аталган  мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министрлик 9-ноябрынан 30-ноябрга чейин ата-энелерден балдары менен бирге кыймылдуу оюндарды чогуу ойноп жаткан видеороликтерин күтөт.
Шарттары:
  • Оюндун 1 мүнөттөн ашпаган видеосун тартыңыз;
  • Facebook же Instagram га жайгаштырыңыз;
  • Сөзсүз түрдө #денисакоюндар хештегин коюңуз.
  • Жеңүүчү random.org аркылуу кокусунан аныкталат.
Айнура Шайкеева

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.