Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Бүгүн түндө көпчүлүк аймактарда үшүк жүрөт

Коом
14 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
351
Бүгүн, 14-апрелде республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: 14-апрель күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 14-апрелинде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.