
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Бүгүн Кыргызстанда суук болот
Өлкөдө бүгүн кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бишкек шаарында түнкүсүн 15, күндүз 5 градус суук болсо, Ош шаарында түнкүсүн 7, күндүз 3 градус суук болушу күтүлөт. Ал эми Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275 чакырымдары жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолундагы 65-90 чакырымдары, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгалак болуп, муз тоңгондуктан автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек