Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Бүгүн эртең менен өлкө аймагында эки жер титирөө катталды

Коом
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
360
Бүгүн таңга жуук Кыргызстанда катары менен эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу  ӨКМ Сеймологиялык институтка шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка караганда,  таңкы саат 04:16да Фергана тоо кыркаларынын аймагынын  очогунда 4-4,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Макмал айылында 4 балл, Ош облусунун Өзгөн районунун Ала-Көл, Таш-Көпүрө айылында 3 балл, Саламалик айылында 3 баллга чейин сезилген. Андан кийин   саат 06:43дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн күчү  Базар-Коргон айылында  2-3 балл сезилген. Эске салсак, 18-декабрда Бишкекте 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогу  Казакстанда жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар катталган жок.
Айнура Шайкеева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.