Курс НБ на 17.12.2018 $69,8320 €79,0708

Бүгүн эл аралык кыздар күнү

Коом
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
57
Бүгүн, 11-октябрда эл аралык кыздар күнүнө карата Бишкекте бир нече иш-чара өтөт. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борбору" фондусунан билдиришти.
Алгач Ак-Ордо жаңы конушунун кыздары менен алып баруучу Эркин Рыскулбеков, блогер Азиза Мурзашова жана IT адис Алтынай Нуркамилова жолугушат. Спикерлер өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, эмне үчүн кыздардын укуктарын коргоп келишкенин айтып берет.

 

Экинчи иш-чара "Бишкек Парк" соода борборунда өтөт. Анда "Тирүү айкелдердин үнсүз театры" көргөзмөсү болот. Мында келген балдар зордук-зомбулукка кабылган кыздардын жашоосу тууралуу сахналаштырылган сценкаларды көрө алат.

"БУУнун аялдар түзүмүнүн маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 15-49 жаштар арасындагы бардык аялдардын 23 пайызы зордук-зомбулукка кабылат. Алардын көбү мигранттардын кыздары", — деп айтылат маалыматта.

2011-жылы 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында Эл аралык кыздардын күнү катары жарыяланган.





 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу