Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Базар-Коргондо сабакка катышпагандар аныкталды

Коом
25 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
45

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык,  онлайн сабактарга катышпай, эмгектенип жүргөн окуучуларды аныктоо максатында рейд жүргүзүлгөн. Рейддин алкагында район аймагында жайгашкан борбордук базар, 12 соода борбору текшерүүгө алынды. Анын натыйжасында 11 өспүрүм, сабактарга катышпай соода-сатык менен алектенип жүрүшкөнү аныкталды.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу