Курс НБ на 20.07.2019 $69,6517 €78,3651

​Батуттан кулаган кыз эсине келбей чарчап калды

Коом
20 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
61
Мындан 10 күн мурда Балыкчы шаарында батуттан кулап кетип, комага түшүп калган үч жашар кыз эсине келбей чарчап калды. Бул туурасында  Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Кыз  19-июнда, кечки саат тогуздарда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлердин аракетине карабай чарчап калган. Эске салсак, кырсык 9-июнда Балыкчы шаарында болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу