Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Баткенде короновирус катталган жок!

Коом
06 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
128

Баткенде таажылуу вирус 2 адамдан табылды деген маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке какты.  Министрликтен белгилешкендей, социалдык тармактарда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына коронавируска күмөнү бар эки жаран алынып келди деп таратылып жаткан маалымат туура эмес. Учурда коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

“Кытайдан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу эки адам келгендиктен, санитардык-карантиндик бөлүмдүн кызматкерлери, Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, аларды көзөмөлгө алуу үчүн саламаттык сактоо мекемесине алып келген. Алардын абалы канааттандырарлык”, – деп билдиришти министрликтен.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.