Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Батирлерди суткага, саатына ижарага берүүгө уруксаат берилеби?

Коом
26 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
346
Быйыл 10-январдан тарта батирди суткага жана саатына ижарага бергендерге айып пул салуу киргизилип, жеке тараптар үчүн 7 миң, кызмат адамдары үчүн 9 миң жана юридикалык жактар үчүн 70 миң сомду түзгөн эле. Муну менен көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары колдонууга тыюу салынган. Бирок бул кадам ижара берүүчүлөр менен туристтик жайларда эс алгандардын нааразычылыгын жараткан. Андыктан жайкы туризм сезонунун башталышына карата Кыргызстанда батирлерди кайрадан суткага жана саатына ижарага берүүнү киргизүү маселеси көтөрүлүп, Турак-жай жана административдик жоопкерчилик кодекстерине киргизилип жаткан толуктоолор коомдук талкууга чыгарылыптыр. Өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун айтымында мыйзам долбоорунда туристтик аймакта жайгашкан турак-жайларды саатына, суткасына ижарага берүү гана  каралган.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.