Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев: “Дарыгерлердин эмгегин четке какпашыбыз керек”

Коом
25 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
106
Кыргызстандын башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес.  Бул тууралуу ал  "Эркин Тоо" гезитинин  ютуб каналына берген маегинде билдирди.  “Дарыгерлердин эмгегин четке какпашыбыз керек. Коронавирус  илдетине каршы  туруу дарыгерлердин колунда болду. Өмүрлөрүн  тобокелге салып,  ар бир ооруган жарандарыбызды сактап калуунун, сакайтуунун аракетин күн-түн дебей көрүп жатабыз. Элдин башына келген бул ооруну биргеликте жеңүү, дарыгерлердин жүрөгүндөгү башкы максат экенин унутпашыбыз зарыл. Дарылоо протоколдору бир канча дасыккан адистердин макулдашуусу менен гана ишке ашат. Биз кантип эле адамдардын өмүрүнө  туура эмес аракеттерди көрмөк элек. Мындай нерсеге оболу,  адам абийири деле жол бербээри чын. Вирустун кесепеттерин  иликтөгө алган көз карандысыз комиссия  жыйынтыгын чыгарды. Бул жыйынтык бир тараптуу болуп калган. Бул жагдайга  дарыгерлер макул эмеспиз. Адам өмүрлөрүн болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жасап  сакайтууга жан үрөдүк.  Туура, айрым жарандарыбызды сактап кала албай алдык. Кээ бир учурларда медицинанын  күчү жетпей калып жатканын моюнга да алышыбыз керек. Ошол себептүү,  бул комиссия кызыл зонда иштеген  бизден, адистерден келип, даана маалыматтарды алышса болмок. Бизге эч ким кайрылган жок. Биздин да өз чындыгыбыз бар. Бул оору өлкөбүздөн кеткен жок. Андыктан дарыгерлердин үнүн угуп, колдоп, жалпы жарандарыбыздын саламаттыгын сактап калууга аракет кылышыбыз керек”, - дейт ал. Маектин толук версиясын Эркин Тоо ютуб каналынан көрө аласыздар. 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу