Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

​Балдар мектепте жасалган айрандан же гречкадан жасалган тамакка ууланышы мүмкүн

Коом
11 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
64
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы «Кут Билим» мектеп-интернатында балдардын ууланышына байланыштуу мекеменин төрт жооптуу кызматкерине айыппул салынганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда Аламүдүн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборунун санитардык-гигиеналык изилдөөсүндө бир катар санитардык эрежелерди бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, мектеп директоруна 23 000 сом, азык-түлүк алуучу чарба кызматкерине 7500 сом, медициналык кызматкерге 7500 сом, башкы ашпозчуга 7500 сом айыппул салынды. Саламаттык сактоо министрлиги  азырынча уулануунун себептери лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин такталааарын билдирип. Баштапкы маалыматтарга ылайык, балдар мектепте жасалган айрандан же гречкадан жасалган тамакка ууланышы мүмкүн,-деп маалымат берди.  


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу