Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Балдар ишеним телефонуна жыл башынан бери 656 чалуу болгон

Коом
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
291
Ишеним телефонуна чалгандардын басымдуу бөлүгү жардам сурап жана үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча кайрылгандар. Ушул жылдын 11 айы ичинде балдардын "111" ишеним телефонуна 656 кайрылуу болсо, алардын 81 пайызы — ата-энелер. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова билдирди.  Анын айтымында, ишеним телефонуна кайрылгандардын 21 пайызын балдар түзсө, 81 пайызын ата-энелер аткарган.  "Ишеним телефонуна 11 айда 656 чалуу болгон. Балдар 124 жолу чалса, ата-энелер 532 жолу кайрылган. Анда телефон аркылуу 443 адамга кеп-кеңеш берилген. Ал эми 213 чалуу боюнча аймактык бөлүмдөргө билдирүү жиберилген. Чалгандардын басымдуу бөлүгү түрдүү жардам сурап жана үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча кайрылгандар", —деди Жапаркулова. Андан сырткары, мектептеги рекетчилик, мугалимдердин начар мамилеси жана өгөй ата-энелери менен болгон түшүнбөстүктөр боюнча чалуулар дагы катталган.  Ошондой эле өлкө аймактарына салыштырмалуу Чүй, Ош облустары менен Бишкек шаарынан кайрылуулар көп болгон.
Булак: Sputnik


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.