
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Балдар үчүн ишеним телефонуна 10 айда 120 миңдей кайрылуу түшкөн
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна үстүбүздөгү жылдын 10 айында телефон аркылуу 119 миң 178 кайрылуу же бир суткада орточо 390 чалуу түшкөн. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 884 же 18,7% жаш балдардан, ал эми 3 847 же 81,3% чоң адамдардан). Ал эми 3 800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилсе, 521 абонентке психологиялык консультация берилген.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек