Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Балдар – келечектеги мекенди коргоочулар

Коом
08 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
100

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы 8-декабрь – телекөрсөтүү жана радио күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырып, өзгөчөлөнгөн майрамдык иш-чара өткөрүштү. “Ала-Тоо” полигонунда өткөн аскердик үй-бүлөлүк эстафетага медиа өкүлдөрү балдары менен катышышты.
“Бул жылы майрамдык иш-чарага журналисттер балдары менен чакырылды. Аскер кызматкерлери, чек арачылар кандай иштешээрин, машыгуулардан кантип өтүшөт, кызматтагы балдарга тааныштыралы дедик. Балдар – келечектеги мекенди коргоочулар. ЖМКнын өкүлдөрү ар күнүн жумуш үстүндө өткөрөт. Ошондуктан үй-бүлөлүк баалуулуктарды эске алуу менен аскердик-спорттук эстафета уюштурдук. Балдарда патриоттук сезимди ойготуу менен аларды аскерлердин даамдуу боткосу менен коноктойбуз”,  - деди Чек ара кызматынын өкүлү Гүльмира Бөрүбаева.
Полигонго түшкөн катышуучулар тажрыйбалуу офицерлердин башкаруусуна туш болушту. Атайын кызматтагылар согуштук даярдыктан өтүүчү полигондо журналисттер жана алардын балдары “тыңчынын жалгыз аягы” эстафетасына катышышты. Эстафетада балдар “тыңчынын жалгыз аягы” программасын кыскартып өтүштү. Катышууга келген ата-энелер эстафетадан кийин аскердик кызматтын жеңил эместигине токтолушту. Анткени ар кандай тоскоолдуктардан өтүү балдарды эле эмес, ата-энелерин  чарчатып койду.
Мындан сырткары иш-чаранын жүрүшүндө кичинекей конокторду куралдардын түрү менен тааныштырышты. Балдарды жана ата-энелерди кызматтагы иттердин үйрөтүлүшү, алардын буйруктарды аткарганы, катылган баңгизатты тапканы абдан кызыктырды.    
Кесиптик майрамга карата уюштурулган иш-чара соңуна чыгып, чек арага байланышкан маселелерди тынбай чагылдырган журналисттер, эстафетада өзгөчөлөнгөн балдар Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Абдикарим Алимбаевдин колунан сыйлык алышты.
“Бүгүн медиа коомчулугу эң көйгөйлүү маселелерди ачыкка чыгарып келет. Коомдо болгон окуялардын оң жана терс  жактары журналисттер аркылуу чагылдырылат. Ага жараша коомчулук таразалайт, баа берет. Сиздердин чагылдырган материалдар аркылуу ишибизден оң натыйжа чыгарууга, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдорун издөөгө, тапшырмаларды так аткарууга аракеттенебиз”, - деген полковник Абдикарим Алимбаев ЖМК өкүлдөрүнө ийгилик каалады. 
Майрамдык иш-чара даамдуу аскер боткосу менен түштөндүрүп, жыйынтыкталды.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу