Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

​Бала багып алам дегендер үчүн!

Коом
14 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
63
Кыргызстанда кароосуз калган балдарды багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөргө төлөнө турган акынын көлөмү жогорулатылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова расмий билдирди. Анын айтымында бала багып алам деген фостердик үй-бүлөлөр  ата-энелик укугунан ажыраган же чектелген, физикалык, психологиялык жактан коркунуч жаралган үй-бүлөдөн болгон, жарым жетим же томолой жетим, майып балдарды багып алса болот. Бирок, бул баланы асырап алуу дегендик эмес. Баланы багуу менен асырап алуунун айрымасы бар. Асырап алууда баланын фамилиясы өзгөрөт, үй-бүлөнүн мүлкү каралат. Ал эми багып алууда келишимдин негизинде кайсы бир үй-бүлө убактылуу тарбиялайт жана кийин башка үй-бүлө да баланы багып ала алат. Бала багып алам деген адам 30-65 жаштын тегерегинде болуп, министрлик менен келишим түзүп, атайын окуудан өтүшү керек.  Фостердик үй-бүлөгө бир бала үчүн 18 миң 757 сом берилет. Министрликтин маалыматына караганда бүгүнкү күндө 44 үй-бүлө 72 баланы тарбиялоодо.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу