Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

Коом
24 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
357
Мыйзамсыз баңгизат сатып, аны таратып жүргөн топтун мүчөсүн колго түшүрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 23-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ыкчам алынган маалыматтын негизинде атайын түзүлгөн топ, кылмышка шектүү адамдын артынан бир нече жума байкоо салып жүргөн. Акыры толук маалымат далилденгенден кийин, тиешелүү документтер чогултулуп, соттун чечими менен тинтүү жүргүзүүгө уруксат берилген.
Жыйынтыгында 21-февраль күнү бишкек шаарынын тургуну, 1966-жылы туулган М.Жнын турак үйү текшерүүгө алынган. «Нани» аттуу үйрөтүлгөн иттин жардамы менен үйдүн чатырынан 2 килограмм 790 грамм героин табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыр анын менен иш алып баргандар дагы изделүүдө.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.