Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Азиз Мурадиллаев Түркия барат

Коом
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
357
“Курманжан Датка”  жана башка тасмаларда көптөгөн ролдорду аткарган актер Азиз Мурадиллаев  15-январда Түркияга учуп барат. Дарыланууга  акча каражаттарын топтогон Ассоль Молдокматованын айтымына караганда, боорду которууга бардык керектүү болгон анализдерди тапшыруу үчүн актер  Түркиянын ооруканасына барууга  даярданууда. Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев жардам катары 414 мин сом  актердун операциясына бөлүп берген. Эскерте кетсек,  А.Мурадиллаевдин оорусу тууралуу 2016-жылдын октябрында белгилүү болгон. Ошол мезгилде Москванын дарыгерлери жасаган операция ийгиликтүү аяктаган. Мамлекет башчы өзүнүн фондунан 500 миң сом бөлүп берген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.