Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Азамат Жаманкулов, Туризм департаментинин директору: “Туризм Кыргызстанды таанытуучу, байытуучу негизги тармак"

Коом
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
76
- Азамат мырза, дүйнө жүзү боюнча туристтерге ыңгайлуу деп Кыргызстан 20 өлкөнүн ичине кирди. Алар кандай критерийлер менен ушундай жыйынтыкты чыгарышат?
- Биз дароо эле эки чоң эл аралык рейтингге кирдик. Дүйнөдө сумкасын ийнине асып алып эле дүйнө кыдырып кеткендердин чоң Ассоциациясы бар. Алар 100 мамлекетти кыдырып, акырында 20 өлкөнүн эң жакшы деген 5 өлкөсүнүн ичине Кыргызстанды киргизди. Экинчиси, дүйнөлүк абройлуу туристтик ресурс бар, ал 20 мамлекеттин ичинен Кыргызстанды тандап, 2018-жылы туристтер бара турган эң ыңгайлуу жер деп табышты. Алардын тизмесине КМШ жана Орто Азия өлкөлөрүнөн кирген жок. Демек, эки абройлуу туристтик ресурс туристтер үчүн Кыргызстанды ыңгайлуу деп жарыялашты. Бул биз үчүн сыймык. Алардын Кыргызстанды көрсөтүп жаткан негизги критерийлери – табият, адамдык мамиле, түзүлгөн шарттар. Анын дагы бир себеби – биз дүйнөлүк мен-мен деген блогерлерди, массалык маалымат каражаттарын Кыргызстанга алып келип, кооз жерлер жөнүндө маалыматтарды таркатып жатабыз. Алардын бири – “Евраньюс Интернешнл Географик” уюмунун өкүлдөрүн алып келгенде алар Кыргызстанды көрүшүп, өз ресурстарына киргизишти. Рейтинг чыгарып жаткан уюмдар ал аркылуу билип, Кыргызстанды кыдырып көрүшүп, ынанышты.
- Туристтерди тарта турган негизги көзүрүбүз Ысык-Көл эмеспи. Бирок ага бараткан жолдо ажаатканалардын жоктугу көп жылдан берки көйгөйгө айланды. Аларды куруу планда деги барбы?
- Муну бир канча жолу талкууладык. Дааратканаларды курганга мүмкүнчүлүк бар, бирок аны андан ары карап турган адамдар керек. Биз Өкмөттүн тапшырмасы менен Кыргызстандын кайсы жерлерине дааратканаларды куруу керектигин аныктап, аны кургандан кийин жеке секторлорго жакшы долбоор кылып берели деп сүйлөшүп жатабыз. Биз аныктаган жерлердин бири айыл өкмөтүнө, бири Транспорт министрлигине, бири Айыл чарба министрлигине тийиштүү экен. Алар менен сүйлөшүп, чогуу ишкерлер менен акылдашып, май айына чейин ушул жумушту бүткөрүп алсак, курулуштары башталат. Дааратканада ысык-муздак суусу, ичинде туристтик маалыматтык борбор, туризмге тийиштүү буюмдарды саткан дүкөнү болот. Бул дүйнөлүк практикада бар, биз муну өзүбүздө жасайлы деп турабыз.
- Бизге келген туристтердин көбү Казакстандан жана Россиядан болот эмеспи. Эми Өзбекстанга жол ачылды. Коңшу Өзбекстан менен Кытайдан туристтерди тартууга кандай иш-чаралар иштелүүдө?
- 1990-жылдардын башында Казакстандан кийинки эле келген туристтердин чоң агымы Өзбекстандан болчу. Ортодо саясаттан улам аларды жоготуп алганбыз. Аларда Ысык-Көлдү билген, көргөн, сагынган адамдар абдан көп. Былтыр биринчи кадам катары Ташкент – Тамчы түз аба каттамын ачтык эле, ар бир учакта 85% толуп, туристтер келишти. Бирок баасы кымбат болду. Эки Президенттин сүйлөшүүсүндө учактын баасынын кымбаттыгы айтылып, аны арзандатуу жана учуп келүү санын көбөйтүү сүйлөшүлдү. Ал эми Ташкент – Балыкчы темир жолу быйыл ачылып, поезд иштегени жатат. Кыргызстанды Өзбекстандын ичинде үгүттөө, рекламалоо үчүн Туризм министрлиги менен сүйлөшүп, алар өз телеканалдарында Кыргызстандын кооз жерлери жөнүндө акысыз көрсөткөнгө макулдугун берип жатат. Биз дагы Өзбекстан жөнүндө беребиз. Азыр туроператорлор Өзбекстан менен иштешип жатат. Жакында Өзбекстанда туристтик жарманке болот, бизден дагы барышып, Кыргызстанга туристтерди тартуу иштерин жүргүзүп келишет. Ал эми Кытай менен иштешүү кыйыныраак. Дүйнө боюнча Кытайдын туризмге кетирген акчасы абдан көп. Кытайлар негизги эки багытка акча коротушат. Биринчиси – шопинг. Европанын чоң-чоң бренддерин азыр кытайлар сатып алып жатат. Алар чоң супермаркеттерден, чоң дүкөндөрдөн чыгышпайт. Экинчиси – казино. Алар казиного көп барышат. Биз биринчи багыт менен өзүбүзгө тартсак болот. Биздин туристтик компаниялар алардын жарманкелерине катышып жатат, бирок жылыш жок. Кытайлар азыр үстүртөн эле карап турат. Эгер бир жылчык ачылып, бир нерсе кызыктыра алса, анда массалык түрдө келишет. Азыр пайдубалды түптөө процесси жүрүп жатат.
- Мурдагы жылы Көчмөндөр оюндарына 62 мамлекеттен коноктор, спортчулар келишкен. Быйыл канча өлкөдөн спортчулар, журналисттер, коноктор келет? Дегеле жумушту эмнеден баштадыңар?
- Бардык багыттар боюнча конкурстар болот. Дүйнө жүзүнөн маданият менен жуурулушкан этно-хиттерди алып келебиз. Этно-мода, этно-бий, этно-искусство дегендерди дүйнө жүзүнөн тартабыз. Ушунун ар бирине конкурс болот. “Кырчында” абдан кызыктуу оюндар болот. Ачылыш-жабылыш аземин өзүнчө форматта, технологиялык жактан башкачараак кылалы деп жатабыз. I Көчмөндөр оюндарында Кыргызстанды түрк элдеринин бири катары көрсөтсөк, II Көчмөндөр оюндарында чоң-чоң тарыхый окуяларды чагылдырганбыз. Эми үчүнчүсүндө Көчмөндөр цивилизациясын, баалуулуктарын жар салып, алардын жашоо маңызы эмнеде, дүйнөлүк коомчулукка кандай жагынан үлгү боло алат деп экологиялык темаларды көтөрүп чыгабыз. Ата-бабаларыбыз табият менен таттуу мамиледе жашаган. Мисалы, табият мыйзамдарын эске алып, туут мезгилинде аңчылыкка барышкан эмес же бир жерден экинчи жерге көчкөндө артынан таштанды таштаган эмес. Таштандыларды өрттөп, шыпырып, тазалап кеткен. Эгер антпесе, башка уруунун адамдары аларга кыздарын берген эмес. Көчмөндөр цивилизациясын ачып берүүгө аракеттенебиз. Көчмөндөргө тиешелүү спорттун бардык түрлөрү ойнотулат. Келе турган мамлекеттер менен сүйлөшүп жатабыз. Быйыл 80дей мамлекеттен өкүлдөрдү, 500дөй журналисттерди каттайбыз.
- Көчмөндөр оюндарын башка өлкө алып өткөрсө болбойбу? – деген эл арасында сөздөр бар.
- Быйылкы Көчмөндөр оюндарын бизге бергиле деген эки мамлекет чыкты. Идея бизден чыгып, биздин жаштарды жаңы багытка үгүттөгөнгө жардам берип жаткандыктан, биз берген жокпуз. II Көчмөндөр оюндары бүткөндөн кийин интернеттен көптөгөн комментарийлерди окудук. Анда жаштар “менин ушундай өлкөм бар экенине сыймыктанам, эми эч жакка кетпейм, өз өлкөмдү сүйүп калдым, маданияты, тарыхы абдан тереңде экен” деп жазышты. Бул жаштар үчүн чоң үлгү болуп жатат. Экинчиден, Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды туристтик мамлекет катары көрсөтүүгө чоң салымын кошуп жатат. Былтыр биринчи жолу республикалык бюджеттин 5,5%ы туризмден түштү. Биз эми эки жылда бир Кыргызстанды көрөм деген туристтердин агымы көбөйсө экен деп жатабыз. Дүйнө жүзүндө ар бир мамлекеттин өзүнө энчилеп алган фестивалдары болот. Мисалы, жылына Карнавалды Бразилиядан көрөм деген туристтер ага агыла баштайт. Биз дагы Көчмөндөр оюндары фестиваль катары өзүн-өзү каржылоого өтсө деген оюбуз бар.
- Көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз деп акча жагынан чыгымга учурап жаткан жокпузбу?
- Бир иш же долбоор башталганда башында инвестиция салынат. Анан ал өзүн-өзү актай баштайт. Мына 30 жыл бою оңдолбогон жолдор оңдолду, дүйнөлүк стандартка жооп берген ат майданы салынды. Ошол ат майданда жума сайын аттардын оюну болуп турса деген оюбуз бар. Мындай сертификаты бар ат майдандар миллиарддаган акчаларды табышат. Аттарды бакканга, жарыштырганга жайлары бар, таптаганга Ысык-Көлдүн климаты толук жооп берет. Биздегидей ат майдан КМШ жана Орто Азия мамлекеттеринин биринде да жок. Дүйнөлүк стандартка жооп берген ат майдандын сертификаты Дүйнөлүк ат жарыштардын ассоциациясына мүчөлүккө алынып, алардын календардык планына киргенге мүмкүнчүлүк берет. Алар көчүп жүрүшөт, мисалы аттарын сентябрда Англияга жайгаштырса, октябрда Дубайда жайгаштырып, Гонконг, Токио, Таиланд деп кете беришет. Буларга Кыргызстан да кирип калса, чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Кырчын” жайлоосунда этно-шаарча пайда болду. Келечекте дагы кеңейет.
- Кыргызстанда келечекте чоң акча түшүрө турган туризм тармагы болуп калышы мүмкүнбү? Азыр эле анын үлүшү 5%дан ашты.
- Өкмөттүн 40 кадам программасында 2020-жылга чейин туризмден түшчү акчаны 7%га, 2023-жылга чейин 10%га чыгаралы деп жатабыз. Туристтик өлкөбүз деген айрым өлкөлөрдүн бюджетке салымы 20-25-30%га чейин. Биз элибизди туристтик өлкө кылганга багыттап, ушул багыт менен акча табууга көндүрүшүбүз керек. Жакында эле Казакстандагы “Майкрософт” компаниясынын жетекчиси Ысык-Көлдө өзүнүн конок үйүн ачты. Бул деген келечекти көрө билип, баамдап, сезгендик. Мындай адамдар жөн эле келе бербейт, демек анализдеп чыккан.
- Ташкул Керексизов салган “Рух ордо” абдан чоң кызмат кылып жатат. Ал эми түштүк жээктеги “Аалам ордонун” тагдырына кызыккан адам барбы?
- Өкмөттүн тапшырмасы менен быйыл “Аалам ордону” оңдоп-түздөөгө Ташкул ага сөз берген. Келечекте аны дагы бир чоң маданий комплекске айландырышыбыз керек.
Кытайда ички туризм аябай өнүккөн. Кытайлар өздөрүнүн тарыхый жерлерин кыдырып эле бюджетке чоң акча түшүрүшөт экен. Биз ички туризмге качан көңүл бурабыз? Мисалы, Сулайман тоону, Арсланбаб токоюн, Сафед Булан мазарларын көрбөгөн адамдарыбыз көп. Биз басымды сырттан келчү туристтерге эле жасап жаткандайбыз.
Чынында кыргыздар Кыргызстандын ичинде кандай тарыхый жайлар бар экенин билишпейт. Укса да барышкан эмес. КТРК менен Кыргызстанды тааныштыруу үчүн долбоорлорду ишке ашырып, атайын тасмаларды тартып, үгүт иштерин жүргүздүк. Жаштар арасында өздөрү түзүп алган майда топтор бар, облустарды кыдырып кетишет. Бирок, чынында массалык түрдө бир жерден экинчи жерди көрүү жок.
- Туризм департаментинин быйылкы жылга орчундуу кандай иш-чаралары бар?
- Ушул январда Кыргызстанды кышкы туризмдин өлкөсү катары таанытууга фестиваль өтөт. Баткенде Айгүл фестивалы, Көлдө Салбуурун фестивалы сыяктуу бардык облустарда фестивалдар өтөт. Андан сырткары, быйыл көптөгөн стратегиялык документтердин үстүнөн иштейбиз. “Туризм жөнүндө” мыйзам жакында Жогорку Кеңешке барып, талкууга түшөт. Туризм мыйзамы 1993-жылдан бери эч өзгөрүлбөй келген, эми дүйнөлүк жаңы тенденцияны эске алуу менен жаңылап чыктык. Экинчиси, Туризм департаменти министрликтин курамынан чыгып, өзүнчө Өкмөттүн алдындагы Туризм агенттиги болот. Үчүнчүсү, Кыргызстан алдыдагы беш жыл ичинде ички-сырткы туризмди кайсы өлкөлөргө, кандай үгүттөйт деген маселенин үстүндө иштейбиз. Андан башка, статистика, жолдорду жакшыртуу, калкты окутуу, үйрөтүү боюнча көптөгөн пландарыбыз бар. Ресурс абдан аз, бирок көп иштешибиз керек.
 
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.