Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Аза күтөбүз көңүл айтуу китебине жазуулар көбөйүүдө

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
470

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринде ачылган көңүл айтуу китептерине жылуу сөздөр жазылып жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.  17-январь аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу Кыргызстандын чет жердеги бардык мекемелеринде көңүл айтуу китеби ачылган. Аталган китепке чет жердеги мекендештер, эл аралык уюмдар, дипломаттар жазууларын калтырууда. Ал эми Баку шаарындагы  көңүл айтуу  китебине Азербайжандын биринчи-вице-премьери Ягуб Эюбов кол тамгасын калтырды. Москва шаарындагы Кыргызстан элчилигине Дагестан республикасынын башчысы Рамазан Абдулатипов, Ставрополь аймагынын губернатору Владимир Владимиров, Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев, Россия БШКсынын төрайымы Элла Памфилова жана Москва шаардык думасынын төрагасы Алексей Шапошников телеграмма жолдошкон.  

Айнура Шайкеева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.