Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Аялзаты дүйнөнү сактайт

Коом
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
21
“Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылы  2010-жылдын  2-декабрында негизделген күндөн баштап, ”Аялзаты дүйнөнү сактайт!” деген чакырыктын алдында, калк арасында  ынтымактыкты ширелтүүдө чоң иштерди жасап келе жаткандыгы белгилүү. Өткөн жылдын март  айында Өлкө башчы С. Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү” жарлыгын колдоп,”Аялзаты дүйнөнү сактайт!” деген чакырыктын астында, 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата иш- чара өткөрүштү. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан 1000 ге жакын аялдар катышып, кыргыз элинин каада-салтын, ууз чеберлер жана этнофольклордук топтор элдик ырлары менен  өз өнөрлөрүн  көрсөтө алышты.
Иш-чарада кыймылдын ардактуу мүчөлөрү СССРдин Эл артисти К.Сартбаева,СССРдин Эл артисти С.Токтакунова, КР Эл артисти Д.Жалгасынова, КР Эл акыны Г.Момунова, КР Эл акыны М.Мамазаирова, Баатыр энелер жана Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчисинин өкүлү келип катышты. Кыймылдын төрайымы ЖыпаргүлБаргибаева кыймылдын ардактуу мүчөлөрүнө жана Баатыр энелерге,30-40-50-жыл эмгектенген  айымдарга кыймылдын”Ала-Тоо айымы”,”Уркуя”,”Үлгүлүү үй-бүлөө” төш белгилери жана “Каныкей”ордени сыйлыктарын тапшырган.
Ошондой эле иш чара 7-мартта Соода өнөр жай палатасы менен “Ишкер айым 2018-жыл” деген аталышта Ош шаарында өткөрүлгөн. Ошол эле күнү  8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата, түштүк региондогу активдүү аялдарга жана Баатыр энелерге, 30-40-50-жыл эмгектен айымдарга кыймылдын “Ала-Тоо айымы”,”Уркуя”медалы жана ”Каныкей” ордени тапшырылган.
“Нооруз” майрамына карата “Аялзаты дүйнөнү сактайт!” деген чакырыктын астында Өлкө башчынын “Аймактарды өнүктүрүү “ жарлыгын колдоп, салтанатуу кече өткөргөн. Анда  Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарынын активдүү айымдары катышып, Социалисттик эмгектин баатыры Рафикова Диларам, Баатыр энелер жана көп жылдап эмгектенген айымдарга сыйлыктар тапшырылган.
8-майда Москва шаарына  барышып, кыймылдын 20 делагаты этнофольклордук жаамат ”Нуска”,”Жайыл айымдары” жана ардактуу айымдары Улуу Ата Мекендик согуш күнүнө карата Волоколамский шаарындагы “Өчпөс от” парадына катышып келишкен. Мындан сырткары, кыймылдын жамааты  элечек жана кыргыз кийимдерин кийип, метродон баштап Кызыл аянтка чейин  кыргыздын баш кийимин даңазалап флешмоб өткөрүшкөн. Ал эми 15-майда, Москвадагы “Союз Женщин Подмосковая” коомдук бирикмеси менен биргеликте Улуу залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдык маарекесине карата кече өткөрүшкөн. Ал кечеде Ч,Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү болуп, ал иш-чарада эки элдин ынтымагын бекемдеп, эки коомдук бирикменин айымдары, этнофольклордук жааматы жана элдик ансамблдери өздөрүнүн элдик ырларын аткарышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө эки элдин достугун бекемдөө максатында кыймыл менен Орусиянын “Союз Жещин Подмосковая” коомдук уюмдардын ортосунда келишимге кол коюлган.
Өткөн жылы  сентябрь айында өткөн 3чү Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна өлкө боюнча 500 аял, анын ичинде  кыймылдын ардактуу мүчөлөрү СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева,КР Эл артисти Дайрика Жалгасынова,КР Эл акыны Гулсайра Момунова жана КР маданиятына эмгек сиңирген Гулшан Молдоевалар  Кырчын жайлоосунда чогуу болушту. Ал эми кыймылдын ардактуу мүчөсү СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова жана Эл артисти Жамал Сейдакматовалар оюндун ачылуу аземинде  жана Кырчын жайлоосунда концертик, театрдык көргөзмөлөрдү көрсөтүп жүрүштү. Ж.Баргибаева баштаган команданын Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылуу аземинде элечек менен параддан өтүшүп калкка абдан жакшы маанай тартуулашты. Жыйынтыгында 1чи, 2чи жана 3чү даражадагы Дипломдордун ээси болууга жетише алышты. Бул иш-чарага кыймыл биринчи жолу катышып жаткан жок. 2016-жылы дагы Көчмөндөр оюнунуна катышып, Маданият,маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 100.000 (жүз миң) сом байгенин ээси болушкан.
2018-жылдын декабрында салтка айланган “Жылдын Мыктыларын” аныктоо азем салтанатын да өткөрүштү. Анда “Жыл Адамы” деп Президент С.Ш.Жээнбеков аныкташты. Ал эми  2016-жылы Орусия Президенти В.В.Путинге “Жыл Адамы” наамын ыйгарышып, Элчилик  аркылуу  Ыраазычылык кат алышкан.
2017-жылы болсо, Улуу Британия королдугунун,Түндүк Ирландия королевасы Елизавета IIге ыйгарып, сыйлык Кыргызстандын Улуу Британия корольдугунун элчилиги аркылуу тапшырылып, ал жактан да Ыраазычылык кат алышкан. Эми жакында “Ала-Тоо айымдары”Энциклопедия китебин чыгарууга даярданышууда.   
Айнура Шайкеева
 
 
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу