Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

Аялдарга -акысыз билим берүү улантылууда

Коом
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
838
Кыргызстан аялдар конгресси менен Бишкектеги Түрк маданият борбору (ТИКА )биргеликте Кыргызстандык аялдарга акысыз атайын окууларды өткөрүп келүүдө. Мындай окуулар башталгандан бери 3 ай аралыгында бардыгы болуп 438 аял “Кичи мастер класс”, “Экономикалык билим берүү”, ”Бизнес –планды түзүү” , Кыргыз тилин үйрөнүү” сыяктуу курстарында билим алышты. Жалпы акысыз билим алгандардын 19% ишкерлер, 18%  мамлекеттик кызматкерлер, 15% студенттер, 14% окуучулар, 17% пенсионерлер болуп саналышат.
 Жакында эле дагы бир нече группалар атайын курстарды аякташып, колдоруна сертификаттарды алышты. Билим алган угуучуларды  Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, ТИКАнын координатору Эврен Рутбил, “Манас Жаңырыгы” телекомпаниясынын президенти Темирбек Токтогазиевдер куттукташып сөз сүйлөштү.
 Атайын курсту аякташкан угуучулар мындай окууну уюштурушкан Кыргызстан аялдар Конгрессине жана Туркиянын ТИКА маданият борборунун жетекчилерине өзүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.
 Орункул Сатыкулов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.