Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Аялдамалар оңдолууда

Коом
02 - Март 2017
www.erkintoo.kg
458
Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте 2017-жылга карата аялдамаларды оңдоо планын иштеп чыккан. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Учурда райондун 35 аялдама комплексин ижарага алгандар өздөрүнүн эсебинен боеп, тазалап, аталган объектилердин айлана-тегерегин жакшыртууда. Жакынкы убактарда  аялдамаларга таштанды челектер жана отургучтар орнотулат. Ошондой эле, зарыл болгон жерлерге оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.