

Атырау шаарындагы түрмөлөрдө орозо кармоого тыюу салынды
Атырау шаарынын УГ-157/9 абагында соттолгондорго орозо кармоого тыюу салынганы кабарланууда деп жазды Борбордук Азия жаңылыктар кызматы.
Укук коргоочу Асел Нургазиеванын айтымында, муну менен жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча укуктары бузулууда. «Бүгүн орозо кармаган төрт соттолуучуну ички тартипти бузду деген жүйө менен карцерге отургузушкан. Бирок алар орозолорун улантышууда. Абактын катаал шартында орозо кармоо оңой эмес», - деди ал.
Атырау облусундагы түрмөлөрдө жана УГ-157/9 абагында орозо кармоого тыюу салынганын ИИМдин жазаларды аткаруу системасынын облустук департамент башчысы Жасталап Басаров ырастады. Анын айтмында, орозо кармоого колониянын ички тариптери жол бербейт.
«Ал жерде карцерге камалгандар тууралуу маалымат келип түшкөн жок, биз текшерип жатабыз. Камактагылардын баары эле мусулман эмес. Сегиз сааттык уктоо эрежесин бузуу – башкалардын конституциялык укуктарына шек келтирет», -деди подполковник Жасталап Басаров.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек