Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

​Ататүрктөгү мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө

Коом
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
21
Борбордогу Ататүрк сейил багында мыйзамсыз салынган үйлөр, күркөлөр, темир тосмолор менен чарба курулуштары түрттүрүлө баштады. Мэриянын сайтында жарыяланган маалыматына ылайык,  бир жума мурда Ататүрк багында мыйзамсыз тургузулган сегиз күркө алынган. Шаардык бийлик жарандарды тыюу салынган жерлерге ар кандай курулуштарды жүргүзүүгө тыюу салды. Аталган сейил бактагы жерлер курулуш үчүн 1994-жылдан тартып бериле баштаган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу