Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

АСТ түрк авиакомпаниясы чыгымды төлөшүүгө даяр

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
328
Бүгүн 1-февралда биринчи вице-премьер-министр, Чүй облусунун Дача СУ айылына кулаган учак кырсыгы боюнча Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев  АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрдү кабыл алды. Анда АСТ авиакомпаниясынын башкы директору баштаган өкүлдөрү менен  кырсыктын чыгымдары тууралуу сүйлөшүү болду.  Түрк тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө  даяр экенин билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.