Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Аркарды таш менен уруп, мыкаачылык менен өлтүргөн адамдар изделүүдө

Коом
27 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
401
Марко Поло аркарын таш менен уруп, аны мыкаачылык менен өлтүргөн адамдар изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.  Эске салсак, өткөн аптада интернет булактарында аркарды аскага иттер менен камап алып, аны таш менен уруп жаткан адамдар тартылган видео тараган. Анда башына оор таш тийген аркардын аскадан кулап түшүп, аны иттер талап жатканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш коомчулукта нааразылыктарды жаратты. Эске салсак, Марко Поло аркары кызыл китепке кирген сейрек кездешуучу жаныбар. Анын ар бири 450 миң сом турат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.