Курс НБ на 10.08.2020 $77,4202 €91,1352

Ар бир адамга 3 даанадан беткап сатылат

Коом
19 - Март 2020
www.erkintoo.kg
289

Кыргызстандын бардык дарыканаларына кечке чейин 70 миңге жакын беткап келип түшөт. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кабарлады. Ал билдиргендей, 17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миң даана беткап жеткирилген. “Беткаптар келди, бирок элдер дүрбөлөңгө алдырып, баарын сатып алып жатышат. Белгиленген баасы 10 сом. Ар бир адамга паспорт менен 3 даанадан ашык сатылбайт”, - дейт министр.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.