Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Антальяда комада жаткан кыздын абалы начарлай баштады

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
439
Антальянын ооруканасында комада жаткан кыргызстандык кыздын мээсине кан куюлуп кеткенин КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Анталья - Коркутели авто жолунда декабрь айында эс учу жоголгончо сабалган кыз табылган. Ал тууралуу  социалдык тармактарга таркап кеткен. Алгач  ал кыргызстандык болушу мүмкүн экени айтылган. Кийин  Кыргызстандын ТИМи бул маалыматты ырастаган. Ага  кол салууга шектелгендер кармалган. 27-январда баш сөөккө имплант орнотуу боюнча экинчи операция ийгиликтүү өтүп, 31-январда кыздын мээсине кан куюлуп абалы начарлай баштады.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.