Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

“Алтын курактагы эргүү” аталыштагы фестиваль өтөт

Коом
24 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
324
Эртең,  Улуттук китепканада улгайган адамдардын ѳзүнѳ ѳзү жардам берүү топторунун “Алтын курактагы эргүү” деп аталган  чыгармачылык фестивалы ѳтѳт. Мындай маалыматты уюштуруучулар билдирди. фестиваль “Улгайган адамдар Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын сактоочулары”  долбоорунун алкагында КРнын Эмгек жана социалдык жактан ѳнүктүрүү министрлигинин колдоосунун негизинде ѳткѳрүлүүдө. Анда Чүй, Талас жана Ысык-Кѳл облустарындагы улгайган адамдардан улуттук тамак-ашты даярдоо, элдик чыгармачылык жана улуттук кол ѳнѳрчүлүк деген үч багыт боюнча 10 чыгармачылык топ түзүлгѳн. Иш-чарага  200гө жакын адам катышаары күтүлүүдө.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.