Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Алмазбек Бейшеналиев 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды

Коом
05 - Январь 2021
Эркин Тоо
97
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөбүздөгү балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда тарбияланган жетим жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.   
“Ата-эне мээримине зар, ден соолук кадырын кичинесинен жон териси менен сезип билген сезимтал балдар-кыздардын ар бирине өзгөчө мамиле жасалды. Министр ар бир балага арналып жазылган өздүк каттарды, ошондой эле китептерди, таттууларды, жеке гигиена каражаттарын жана башкаларды белек кылды. Алмазбек Бейшеналиев балдарга бекем ден соолук, кең келечек, окууларына ийгилик каалап, Жаңы жылдык маанай тартуулады”, - деп айтылат аталган маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу