Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Алматыда Чынгыз Айтматов атындагы көчө пайда болот

Коом
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
26
Казакстандын түштүк борбору Алматынын эски бөлүгүндөгү айрым көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү сунушталууда. Шаар акиматынын токтомуна ылайык, 6я линия көчөсү - Нурлы жол, Парковая көчөсү - Нур Алем. АЗТМ көчөсү — Хан Шатыр деп өзгөрөт. Айрым көчөлөргө Советтер Союзунун Баатырлары Сагадат Нурмагамбетовдун жана Талгат Бигельдиновдун, художник Сергей Калмыковдун, жазуучулар Герольд Бельгер менен Чыңгыз Айтматовдун, композитор Ермек Серкебаевдин ысымдарын ыйгаруу сунушталууда. Бирок аталыштар адегенде 24-ноябрда коомдук талкуудан өтөт.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу