Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Алматы-Бишкек жолунда жол кырсыгы катталды

Коом
14 - Август 2019
www.erkintoo.kg
16
Алматы-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында 5 адам каза тапты. Анын   үчөө жаш балдар. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда. Маалыматка ылайык,  кырсык 13-августта болжол менен саат 8:00 чамасында Алматы-Бишкек унаа жолунда катталган. Анда Mazda 626 унаасы менен Shacman үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан жеңил унаадагы балдар сыртка чыгып кеткен. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат деп айтылат маалыматта.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу