
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 6 эсе жогору
Бүгүн саат 9:30га карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 6 эсе жогору. Бул туурасындагы маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот. Маалыматка караганда, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга болот.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек