Курс НБ на 25.09.2018 $69,0754 €81,2361

Ала-Букада чек арачыга ок жаңылып каза тапты

Коом
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
170

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №2030 аскердик бөлүктө келишимдик негизде кызмат кылган чек арачы жоокер ок жаңылып каза тапты. Бул туурасында Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн кабаралашты.

"Чек ара кызматынын катардагы жоокери кызматта турган учурунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан экинчи жоокерди кокусунан атып алган. Ефрейтор ооруканага алып бараткан жолдо каза тапкан",-деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматынан бул кырсык боюнча тергөө иштери башталып, аскер прокуратурасынын кызматкерлери жеринде иштеп жаткандыгын кабарлашты.

"Каза болгон ефрейтор 21, ал эми атып алган жоокер 20 жашта экендиги маалым болду.  Катардагы жоокер кызмат өтөө мөөнөтүн аяктап үйүнө кайтарына саналуу күндөр калган",-деп билдиришти маалымат кызматынан. 

№ 2030 аскердик бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.