
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8113 €101,7905

Ак-ордо конушуна электр жарыгы берилди
Ак-Ордо конушунун жашоочуларына электр энергиясы берилгендиги тууралуу бүгүн, конуштун квартал башчысы Барпы Мамбеталиев билдирди. Кечээ, 21-ноябрда 300гө жакын адам митингге чыгып, президенттен электр энергиясын улап берүүнү талап кылган эле. Ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жумушчу топ түзүлүп, электр энергиясын берүү жумушу саат 18:00 чамасында башталган. Адистерге жергиликтүү эл жардам берип, саат 22:00 чамасында электр жарыгы берилген. Конушта 5 миңге жакын тургун жашайт, анын 2500гө жакыны электр энергиясы менен камсыз болгон эмес.
Жазгүл Кенжетаева
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек