
Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Ак илбирстерге аяр мамиле
Ак илбирстердин моюндарына тагылган каргылар илбирстерге эч кандай зыян келтирбейт. Мындай маалыматты Мамэкотехинспекциянын Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Максат Өмүров билдирет. Эске салсак, мындан мурда эколог Эмил Шүкүров илбирстердин моюндарына тагылган каргылар аларга зыян келтирип, аңчылык кылуусуна жолтоо болот деп айткан. бирок Бирок М.Өмүров ак илбирстин моюндарына тагылган каргылар аларга эч кандай зыян келтирбейт деп түшүндүрөт. Каргыларды тагуу иш-чарасы Жети-Өгүз районунун Сары-Таш коругунда эл аралык уюмдардын көмөгүндө ишке ашырылган. Маалыматтарга караганда, иш-чара Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын макулдугу менен өткөрүлгөн.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек