Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Айылдык, шаардык деп бөлүнбөй, келгиле, айылыбызды шаарга айландырууну баштайбыз!

Коом
25 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
237

Бул толук мүмкүн. ”Азыр Түштүк Корея мамлекетинде айыл деген түшүнүк түп орду менен жоголгон”, - дейт “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Асуан Жакыпов. Эң артта калган, алыскы провинция дегени биздин шаарлардан кем эмес. Ооба, чындыгында эле ушундай. Алар буга кантип жетишти? Анда артка бир кылчайып көрөлү.

 
Түштүк Корея өлкөсүнүн өнүгүүсү ашар жолу менен өнүккөн десек таң калбаңыз. 70-жылдары Кореяны сел каптайт. Ошол жылы Кореянын биринчи Президенти Пак Чон Хи Сеулдан Пусанга поезд менен баратып жолдо бир өнүп-өскөн айылды көрүп калат. Жарыктандырылган, көрктөндүрүлгөн, көчөлөрү жасалган бул айылга поездди токтотуп, эл менен сүйлөшөт. Эмне айыл башчыңар жакшы иштеп жатабы, булардын баарын жасап деп суроо салат. Жок, биздин өзүбүздүн лидерибиз бар, ошону угабыз, кеңешебиз, ишемби, жекшемби күндөрү айылыбызды көрктөндүрүп, колунда жокторго жардам беребиз дешет айылдын тургундары.
Президент Сеулга келип эгер элдин өзүнүн аң-сезими өзгөрбөсө бийликтин аракетинен натыйжа болбойт экен деп ойлонот. Ошентип “Жаңы айыл кыймылы” деп мамлекеттик программа түзөт. 1971-жылы өлкө боюнча 33267 айылдын ар бирине 335 каптан цемент берет. Анан 6 айдан кийин ошол берилген цементти айылдыктар кандай пайдаланганына мониторинг жасайт. Айылдардын жарымы, 16600дөйү эч нерсе жасабай сатып жиберишип, ичип-жеп коюшат. Кийинки жылдары баягы жакшы пайдаланышкан айылдарга дагы цемент, арматура, шифер берип колдоо көрсөтө берет. Анан берки айылдар да ойгонуп, жок, биз дагы жакшы жашагыбыз келет деп лидерлерин алмаштырып, алар да аракеттене башташат. Ошентип айылдар ортосунда тиги айыл суу чыгарып алды, жол салды дешип ишкер атаандашуу пайда болот. Ушинтип 20-30 жылдын ичинде Түштүк Корея дүйнөдөгү алдыңкы 10 мамлекеттин ичине кирет. Азыр айыл деген түшүнүк жокко эсе. Алар жаңы айыл кыймылы менен мына ушуга жетишишкен.
Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы: кадам артынан кадам
Ишкер Асуан Жакыпов кореялык ишкерлер менен кызматташып келген. Өнөктөштөрүнүн бири аны Кореянын жаңы айыл кыймылынын башаты болгон “Сэмаыль Ундонг” борбору менен тааныштырып, иштешүүнү сунуш кылат. Ошентип 2010-жылдан баштап Кыргызстанда жаңы айыл кыймылынын фанаттары ыктыярдуу түрдө акырындан иш баштайт. Алар айылдарга барып эл менен жолугушуп, элге демилге берип, аң-сезимин жана көз караштарын өзгөртүү аракетин жасашат. Ушул жылы кыймылдын аймактагы лидерлери жана мамлекеттик кызматкерлер Түштүк Кореянын Соннам шаарындагы өлкөнүн өнүгүүсүндөгү тарыхый орду бар “Сэмаыль Ундонг” борборуна барып, тажрыйба алмашып келишет. Анан 2013-жылы Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг-гю мырза Кыргызстанда ушундай кыймыл жүрүп жатыптыр деп угуп, өзүнө чакырат. Жаңы айыл ыктыярдуу кыймылынын иши менен таанышып, колдоо көрсөтмөкчү болуп бул жердеги Корея өлкөсүнүн кайрымдуулук фонддору аларды кызматташууга чакырат. Алар семинарларды өткөргөнгө, долбоорлорду ишке ашырганга жардам беришет. 2015-жылы Чолпон-Атада семинар өткөрүшүп, ага республикабыздын бардык аймагынан 50гө жакын айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү жамааттардын лидерлери катышат. Семинарда идеяны практикалык ишке ашыруу үчүн бир долбоорду тандап алышат. Бул Талас облусундагы Бакыян айылында таза суу долбоорун ишке ашыруу долбоору эле. Айыл эли шор суу ичип, ашказан, тиш оору, ичеги-карын оорулары менен жабыркашат. Бул маселени чечүү үчүн өнөктөштөр аркылуу 5 км суу түтүгү алып берилди. Лидер Калыйнур Жолдошев өзү элди үгүттөп, ашар ыкмасында суу түтүгүн тартып келишет. Ошентип 587 кожолук таза суу менен камсыз болот. Сууну чыгаргандан кийин элде дух пайда болуп, өзүбүз деле жасап алсак болот экен деген ишеним бекемделет. Бул иштин башында туруп, өзү элди үгүттөп ишке ашырган Калыйнур байке жыйын өткөрүп жатканда таза суу маселесин 15 жыл жүрөгүмө багып жүрөм, эгер силер жардам берсеңер, айылыма суу чыкса, өзүмдүн 60 сотых жеримди бала бакча, стадион же мектеп курганга белек кылам дейт. Ал адам өзү кесиби боюнча гидротехник. Ошентип, ал өзүнүн жеке менчик жерин айылга белек кылат. Айылдыктар ашар ыкмасы менен жарыктандыруу, көрктөндүрүү, таза суу, жолдорун оңдоп, бала бакча куруп алышты.
Кенжегул айылында канализациядан башкасы бүт чечилген
Кара-Суу районунун Кенжегул айылы бирөөлөрдөн угушуп, Асуан Жакыповго келишет. Алар айылга барып, 100дөй адам чогулуп таза суу көйгөйүн талкуулашып, так эсептери менен долбоор жазууга токтошот. Кудай жалгап, бул долбоор Кыргызстандын жаңы айыл кыймылынын өнөктөштөрү аркылуу жактырылып таза суу боюнча бул долбоорду колдоп бермек болушат. Долбоордун наркы 3,5 млн сомго туруп, алар мунун жарымын колдоп берүүгө макул болушат. Калган сумманы жергиликтүү жамаат жана айыл өкмөттүн бюджетинен толукташып 186 метрден жер астынан сууну насос менен алып чыгышат. Азыр 5000ден ашуун айыл эли таза суу менен камсыз болду жана жанындагы айылдарды да камсыздап жатышат. Бул иш бүткөндөн кийин айыл элинде шыктануу пайда болуп, соцтармакта айылдыктардын тобун ачышат. Бул аркылуу четте иштеп жүргөндөр да айыл турмушу менен кабардар болуп, өзүлөрү да жардамын көрсөтө башташат. Кенжегул айылынын ар муундагы жаштары топтолуп айылды өнүктүрүү үчүн фонд түзүшүп, ар кандай маселелерин чечип келишүүдө. Ошентип Кенжегул айылында жолдор оңдолуп, көчөлөр жарыктандырылып, интернет тартып келинип жана башка иштер жасалып келүүдө. Айта кетсек, айылдагы жаш келиндер өзүлөрүнүн тобун түзүп, бирөөнүн үйүндө эле тигүү цехин ачышат. Пенсионер апалар болсо “Шайыр апалар” деп топ түзүп алып тойлорго чыгышат. Ошентип айыл эли биргелешип ашар жолу менен социалдык маселелерди толук чечип алышат.
Суу керек болсо тоого да канал салынат
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кереге-Таш айылынын тажрыйбасы мындан да кызык. Бул тоолуу айылда ичкенге эмес, сугат суусу да жок суу маселеси абдан чоң көйгөй экен. Айыл эли менен жыйында бул жерге суу алып келүүгө болобу десе, болот, бирок ушул иш Совет мезгилинен бери эле эч бир колдоого алынбай келди дешет. Долбоору, бүт эсептери даяр экен. Бул долбоорду 74 жаштагы айыл тургуну Мурзапаша Маматов өзү дыкат даярдап берген. Ошентип бул ишти ишке ашырууга бел байлашат. Өнөктөштөр аркылуу цемент, түтүктөр, арматура, айтор керектүү курулуш материалдары бүт алынып берилди. 40тай адам 6-7 ай ашар ыкмасында тыным албай иштешти. Ошентип 8 км чакырым жерден суу келди. Айыл эли ишти уюштурууну өзүлөрү колго алышып, ар бир үйдөн милдеттүү түрдө бирден эркекти ишке тартышты. Айылда 1700дөй адам жашайт экен. Мөңгү суусу бир тоодон түшүп, экинчи тоодон өтүп айылга үстү жагынан келет. Эми аны улантып тоонун боору менен башка айылдар да алып кетсе болот. Айылдыктар чыгарып алган каналдын сыйымдуулугу секундасына 300 литрди түзөт.
Азыркы учурда коңшулаш болгон Майдан айылынын тургундары да ашар ыкмасы менен Мурзапаша аксакалдын кеңеши менен 12 км аралыктан ирригациялык каналынын курулушун жүргүзүшүүдө.
Бул адамга Кудайдан бир берилген касиетпи деп калдым, - дейт Асуан Жакыпов. - Жогорку адистик билими деле болбой туруп, билбегени жок экен. Каяктан билип алган деп таң каласың же компьютер деле билбейт, бирок бүт физика, математиканын мыйзамдарынан сүйлөйт. Аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Мурзапаша Маматов “Даңк” медалы менен сыйланды. Ал эми “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болду.
Нарындын Кочкор районунун Ак-Кыя айылынан Абдилова Махабат эже учурда Кыймыл менен активдүү иштеп жатат. Аларда да ушул эле суу көйгөйү. Иштен чыккан 14 чакырым каналды кайра жандандыруу планы каралууда.
Мындан тышкары алдыда дагы ишке ашырчу Корумду, Кыргыз-Ата, Байзак айылдарына да суу чыгаруу боюнча долбоорлор бар.
Жашоону өзгөртүү үчүн, көз карашты өзгөртөлү
Жашоо өзгөрүшү үчүн эң биринчи кезекте көз караш, аң-сезим өзгөрүшү керек. Биз үчүн башка бирөө жасап берет деген көндүм адаттан арылууга убакыт жетти. Жаңы айыл кыймылы бүт айылдарыбызга жетсе сөзсүз түрдө жашообуз да, өзүбүз да өзгөрөбүз. Биз үчүн ашар ыкмасы жаңылык эмес. Ата-бабабыздан калган салт бар. Бул - ынтымак, биримдик, кайрымдуулук. Асуан Жакыпов: биз өзүбүзгө максат кылып, бир айылда бир чоң долбоорду ишке ашырганга жардам бере алсак, ал ишке ашкандан кийин ошол айылда кандайдыр бир дем-күч пайда болот экен. 9 жылдык тажрыйбабызда ошону байкадык, - дейт. Элибиз мурдатан эле ашар ыкмасын колдонуп келген. Анын аркасында жаштар менен улуу муундардын да ортосунда байланыш түзүлөт, бири-бири менен сүйлөшүп, баарлашып дегендей. Мунун тарбиялык мааниси да чоң. Өз ара ынтымак, ишеним орнойт. Биримдик менен бардык маселени чечүүгө болот.
Өзүнө пайда көрбөй кантип эле эл үчүн иш кылсын дегендерге ишенбегиле
Тилекке каршы, жакшы нерсени жакшы жагынан көрө албайт экенбиз. Булар пайда көрөт, ошон үчүн ушинтип жүрүшөт дегендер болот. Аң-сезимди өзгөртүшүбүз керек. Ар бир адам ыктыярдуу түрдө өз деңгээлинде кайрымдуулук иш жасай алат. Мени менен жүргөн лидерлер да өз деңгээлинде кайрымдуулук кылышууда, - дейт Асуан Жакыпов.
Мисалы, Кереге-Таш айылынын лидери 6-7 ай тоо-ташта иштеп, сууну чыгарып жатканда ошол долбоор ишке ашып кетсин деп өзүнүн жеке машинасын сатып жиберди. Бирок ал суу алып келем деп машинамды саттым деп эч кимге айткан жок. Кенжегул айылынын лидери 2 жарым ай Бишкекке каттап, таза суу чыгартам деп долбоорун көтөрүп чуркап жүрдү. Ал дагы минип жүргөн машинасын 3,5 миң долларга сатты. Азыр жөө калсам дагы суу чыгартып алдык деп өзүнчө канааттанып калат. Чынында ал өзүнчө бир руханий байлык алды да. Бакыян айылынын лидери өзүнүн 60 сотых жерин айылга белек кылды. Мына, биздин семинарларга бүт жол кире чыгымдарын өзүлөрү көтөрүп, Нарындан, Таластан, Оштон, Ысык-Көлдөн лидерлер келет. Кечээ жакында эле 7 облустан 7 лидер келип пикир алмашып, алдыдагы конференцияга даярдык көрүү боюнча кеңештик. Алар көмүскөдө жүргөн лидерлер, телеге чыгып муну жасадым, аны жасадым деген саясатчылар эмес. Бекем жарандык позициясы бар, коомдун алдыңкы саптагы активдүү адамдары.
Ошондуктан эч бир өз пайдасын ойлобой туруп, ак дилден коомдук иш кылгандар жок дегендер терең жаңылышат.
Аракет кылсаң акча да табылат
 “Менин айылым” деген долбоор боюнча KOICA деген Түштүк Кореянын уюмуна наркы 3,5 миллиондук долбоорду 2015-жылдын декабрь айында даярдап сунуштаганбыз. 2019-жылдын февралында бул каражат бөлүндү. KOICA өзү 30 айылды тандап алды. Азыр айылдарда иштеп жатат. Бул биздин “Жаңы айыл кыймылынын” айылдарды өнүктүрүүгө болгон жеке салымы.
 
Урматтуу мекендешим!
Эң алгач биз өзүбүздүн жан дүйнөбүздү оңдоп, жеке кызыкчылыктан мурда коомдук кызыкчылыкты өйдө койгонго үйрөнөлү. Эң биринчи өзүбүз ичтен өзгөрүшүбүз зарыл. Жан дүйнөбүздү өзгөртүп, буга даяр болмоюнча сырткы донорлордон канча колдоо келсе дагы жардам бербейт, өнүгө албайбыз. Качан гана биз ушул нерсени туура жолго коюп, түз жолду тандаганыбызда алакандай элибиз, көзүбүздүн карегиндей болгон Кыргызстаныбыз өнүгө баштайт.
“Кыргызстандын
жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмеси



 

Бегим ТУРДАЛИЕВА



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.