Курс НБ на 22.07.2019 $69,6517 €78,3651

Айыл тургуну ооруканага жардам көрсөттү

Коом
16 - Май 2019
www.erkintoo.kg
67
Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну Калыс Кулмырзаев райондук оорукананын хирургия бөлүмүндөгү палаталарды капиталдык ремонттон өткөрүп, эмеректерди сатып берди. Жалпы  278 000 сомдук жардам көрсөтүп, ал эми ушул жылдын апрель айында төрөт бөлүмүнүн бейтаптар тамактануучу ашканасын оңдоого өз эсебинен 55 000 сом жардам берген.  Кайрымдуу  мекендешибиздин саламаттыкты  сактоо тармагын жакшыртууга  кошкон салымы үчүн дарыгерлер ага  ыраазычылык билдирүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу