Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

Айыл көйгөйү чечилиниши керек

Коом
16 - Май 2019
www.erkintoo.kg
17
15-майда Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда Арал айылдык кеӊешинин депутаттары бул айыл аймагында таза суу маселеси чечилбей жатканына токтолушту. Мындан сырткары, бул айыл аймагында 1960-жылы курулуп, эскилиги жеткен мектептер, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр айтылды. «Фракциянын максаты элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Бул багытта таза суу, айыл жерлерине машина-трактордук станцияларды уюштуруу, «Жарык шаар» долбоорлору аткарылган. Мындан сырткары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына көбүрөөк көӊүл бурабыз»,- дейт депутат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу