Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Айкөл Аликжанова тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
653
Британиянын The Daily Mail гезити хиджаб кийген "Кыргызстан сулуусу — 2014" конкурсунун жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова тууралуу  жазды. Маалыматтарга караганда,  Кыргызстандын чүрөгү эми мындан ары хиджаб кийерин Instagram баракчасына жазган. "Кыргыз модели эми хиджаб кийип жүрөрүн айтып күйөрмандарын таң калдырды" деген тема менен Британиянын басылмасы макала жарыялаган. Аталган басылма Кыргызстандын сулуусу
бир топ эл аралык сулуулук конкурстарына катышканын да жазган. Мындан сырткары, анын жаңы образы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты. Ага ыраазы болгондор жана жаман көргөндөр да болду деп белгилеген. Ошондой эле, Кыргызстандын сулуусу кайрымдуулук иштери менен алектенип,
мусулман кийимдерин чыгарат деп жазган басылма.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.