Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Айгүл гүлүн үзгөндөр айып пул төлөйт

Коом
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
431
Мындан арын Айгүл гүлүн үзгөндөр 4 500 сом айып пул төлөйт. Мындай буйрук өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан чыгарылды. Жаңычылдык коруктагы гүлдү сактоо үчүн киргизилген. Көзөмөлдөө жагын токой чарба кызматкерлери аткарышат. Баткен облустук токой чарба башкармалыгынын кызматкери Аскарбек Дүйшөевдин айтымында, корукка келгендердин арасында гүлдү үзүп кеткендер арбын. Мындан улам айып пул салуу буйругу чыкты. Акчалай жазанадан түшкөн каржы корукту көрктөндүрүүгө жана андагы кызматкерлердин маянасына жумшалат. Быйыл айгүл гүлү жылдагыга салыштырмалуу бир жума кеч гүлдөдү. Муну адистер жаздын кечиккенине байланыштырып жатышат. Гүл ачкандан бери “Айгүл таш” коругуна келип-кетчүлөрдүн саны арбын болуп жатат. Күнүнө болжолдуу миңдин тегерегинде киши келүүдө. Арасында чет өлкөлөрдөн келген туристтер да бар. “Айгүл таш” коругуна кирип-чыгуу да акылуу. 16 жашка чейинкилер 10 сом төлөсө, чоңдор үчүн 20 сом. Коруктун жалпы аянты 254 гектар. Аянт 1978-жылы корукка алынып, гүл кызыл китепке киргизилген. Ал 2008-жылы Баткен облустук токой чарба башкармалыгына өткөрүлгөн. Учурда тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.